Эл аралык тоо-кен көргөзмөсү "Орус көмүр жана тоо-кен казып алуу 2024" 4-июндан 7-июнга чейин Новокузнецк шаарында болуп етту. Көргөзмөгө Орусиядан, Кытайдан, Кыргызстандан, Казакстандан жана Европадан 840тан ашык компаниялар өздөрүнүн технологияларын көрсөтүштү.

Blast Maker компаниясы өзүнүн жаңы иштеп чыгууларын тартуулады. Бул иш-чара технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча жаңы ыкмаларды талкуулоо, ошондой эле тоо-кен компанияларынын өкүлдөрү менен жаңы байланыштарды түзүү үчүн жакшы аянтча болду.